Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7 8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Кыргызстандагы кылмыштуу топтун мүчөсү Орусияда кармалганы кабарланды

0

Өзүн "Азиз Батукаевдин оң колумун" деп атаган кыргызстандык Уланбек Авазов аттуу жаран Орусиянын Люберцы шаарында кармалганын президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 8-апрелде кабарлады.

Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында билдиргендей, Авазовду Орусиянын жана Кыргызстандын Ички иштер министрликтери биргелешип кармады.

"Уланбек Авазов Орусияда өзүн "каралар дүйнөсүнүн" өкүлү катары көрсөтүп, мыйзамсыз аракеттерге барган," - деп жазды президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы.

Дайырбек Орунбеков ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктарга кайрылып, кимдир-бирөө кысым кылып, мыйзамсыз акча топтоо же башка кызыкчылыктарга мажбурласа Кыргызстандын укук тартибин коргоо органдарына кайрылууга чакырды.

"Мамлекет башчыбыздын катуу талабынын негизинде мыйзамдын диктатурасын толук орнотуу үчүн КР ИИМ жана УКМК күн-түн дебей кызмат кылышууда. Андай тынч жүрө албаган “тентектерди” жердин аркы бетинен болсо дагы таап, кармап келип жазасы берилет", - деп белгиледи Орунбеков.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Мүлкү мамлекеттин карамагына өткөн. Ошондон бери кылмыш дүйнөсү, кылмыштуу топтор менен байланышы бар делген бир катар адамдар, мамлекеттик кызматкерлер жана ишкерлер камалып, айрымдары кийин абактан чыккан.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса