Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7 8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

ИИМ алтынчы кабаттан кулаган келиндин ата-энесине тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди

0

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Бишкекте алтынчы кабаттан кулап каза болгон аялдын ата-энеси менен жолукту. Министрликтин басма сөз кызматы 8-апрелде билдиргендей, маркумдун туугандарына жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чаралары тууралуу кенен маалымат, бардык суроолоруна түшүндүрмө берилди. Кылмыш иши министрдин көзөмөлүндө экени айтылды.

4-апрелде Бишкектин Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан 27 жаштагы келин, беш жаштагы кызы жана бир жашар уулу кулаган. Келин жана ымыркай уулу ошол жерден мүрт кеткен, кызы оор абалда ооруканага жеткирилген.

Милиция окуяга байланыштуу кылмыш ишин адамды өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү деген негизде козгоп, маркумдун күйөөсү, 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармаган.
Бишкектин Ленин райондук соту маркумдун күйөөсүнүн бөгөт чарасын 6-апрелде карап, аны 4-июнга чейин камакка алды.

"Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы аныкталды", - деп айтылган Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тараткан маалыматта.

Милиция башка фактыларды ачыктаган эмес. Маркумдун туугандары соңку кезде үй-бүлө ичинде чыр-чатак болуп келгенин айтууда. Шектүүнүн туугандары мындай маалыматты четке кагууда. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса