Кыргыз-тажик чек арасында демаркация иши уланууда
Кыргыз-тажик чек ара сызыгына зым тартып, демаркациялоо иштери учурда Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Мечик жерлигинде, Кулунду айыл аймагына караштуу Ак-Арык, Майты, Курук-Сай жерлигинде, Баткен районунун Самаркандек айыл аймагына караштуу Кызыл-Өтөк, Сары-Таш жерлигинде жүрүп жатат.
"Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын маалыматына караганда, 8-апрель күнү президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы чек араны тосуу иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.
Облус башчысы аймактагы жетекчилерге чек ара сызыгына зым тартуу иштерине көмөк көрсөтүү, калктуу конуштардагы чек араны тосууда жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара сызыгын бак-дарактардан, турак жайлардан тазалоо иштерине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын демаркациялоо быйылкы жылдын эсебинде 1-мартта башталган. Андан бери Лейлек районунда 26,08 чакырымга, Баткен районунда 18,5 чакырым жерге зым тосмо тартылды. Жалпы облус боюнча 44,58 км чек ара сызыгы тосулду.
Быйыл облуста жалпы 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда. Анын ичинен Баткенде 65 чакырым, Лейлекте 135 чакырым тосулат.
2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган.
2025-жылы 13-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин тарыхый деп баалашкан.
Ошол эле жылы 31-мартта эки президент Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндөгү протоколго кол коюшкан. Ратификацияланган үч документтин бири кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу болгон.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Мамлекеттик чек араны тактоо иши 2002-жылы башталган.(JsA/ZKo)
