Чек ара кызматынын жоокери, Ош облусундагы "Эркечтам" өткөрүү пунктунда келишимдик негизде кызмат өтөп жатып өмүрүнө кол салды делген 22 жаштагы жигиттин абалы оор. Ал дагы эле эсине келе элек. Учурда Гүлчөдөгү шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.