Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Президент Жапаров Ош облусуна барды, аймакты беш күн кыдырат

0

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу 10-апрелде мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды.

Жапаров сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат.

Президент аймактагы калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык маанилүү объектилерди ачуу жана курулуштарды баштоо аземдерине катышары пландалууда.

Мамлекет башчынын облустагы сапары 15-апрелге чейин уланат. Бул убакытта Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондоруна барып, айрым имараттардын курулушу менен таанышып, кээ бирлеринин ачылышына катышат. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса