Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Токаев парламенттик шайлоо августта болорун жарыялады

0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттик шайлоо быйыл августта болорун жарыялады.

15-марттагы референдумда кабыл алынган жаңы Конституция 1-июлда күчүнө кирмекчи. Жаңы редакцияга ылайык, эми Казакстанда Курултай деп аталган бир палаталуу парламент болот. 145 депутат беш жылга пропорционалдык система боюнча, башкача айтканда, партиялык тизме менен шайланат.

Токаев Баш мыйзам күчүнө кирери менен шайлоо өткөрүү тууралуу мыйзамга кол коерун айткан. Президент добуш берүү качан уюштуруларын эрте айтканын, партиялардын өнөктүккө камданууга жетиштүү убактысы болорун белгиледи.

Токаевдин айтымында, Курултайга шайлоо өлкөнүн "саясий системасындагы кеңири «кайра куруунун» башаты" болуп калмакчы.

Референдумдан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жыйынтыкты жарыялап, документти добуш бергендердин 87,15% колдогонун билдирген. Өнөктүккө чейин бийлик документтин долбоорун сындагандарды же сурамжылоо жүргүзгөндөрдү куугунтукка алган.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса