Абхаз, армян жана башка номурлуу автоунаа жок кылынат
Кыргызстанда мыйзамдаштырылбаган абхаз, армян жана башка өлкөлөрдүн мамлекеттик номурлары менен жүргөн автоунааларга 1-майга чейин убакыт берилди. Андай унаа ээлери бул аралыкта машинесин өлкөдөн чыгарышы керек же тетик үчүн сатып жок кылууга тийиш.
Эгер белгиленген мөөнөттө бул ишке ашпаса, анда автоунаа ээсинен алынып, андан ары жок кылуу үчүн атайын токтотмого киргизилет.
Президенттин жарлыгынын коомдук талкууга чыгарылган долбоорунда Ички иштер министрлигине (ИИМ) абхаз, армян жана башка өлкөлөрдүн мамлекеттик номурлары менен жүргөн автоунаа ээлерине андан ары жок кылуу милдеттенмеси менен кайтарып берүү жана ошондой эле айып токтотмосундагы акысын суткасына 50 сомго чейин төмөндөтүү тапшырылды.
Мамлекеттик чек ара кызматына мындай унааларды өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгарууну камсыздоо тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары чек арадан чет өлкөлүк номер менен кирген унааларды мамлекеттик маалымат системасына милдеттүү түрдө каттоо, ээсине тастыктоочу документ берүү пландалууда.
Ал эми жарлыктын аткарылышын президенттин администрациясы көзөмөл кылары айтылды.
Документтин коштомо маалыматында айтылгандай, былтыр 1-апрелден 1-октябрга чейинки аралыкта Кыргызстанда абхаз, армян жана башка өлкөлөрдүн мамлекеттик номурлары менен жүргөн 30 086 унаа легалдаштырылган. Убагында мыйзамдаштырылбаган 4 миңдей автоунаа ушул тапта чет өлкөлүк номур менен жүрөт. Анын ичинде 766 унаа атайын токтотмого коюлган.
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин чет элдик номурлуу автоунааны мыйзамдаштыруу иши жүргөн. Биринчи кезекте документи барлар, экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талапка жооп бергендери каттоого алынган. Андан тышкары документи жок автоунааны башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген.
Кыймылдаткычынын көлөмү 2 литрге чейинки машинелердин ээлери 50 миң сом, 2 литрден жогору болгондор 100 миң сом төлөгөн.
Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунаа ташып келүүгө тыюу салынгандан кийин мындай унаалар Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн кирген. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алынып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт.(ZKo)
