Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Акаев Ош мэриясынын карызы азайганын билдирди

0

Ош мэриясынын карызы азайып, соңку эсептөөлөрдөн кийин 5 млрд сомго түштү. Бул тууралуу калаа мэри Жанарбек Акаев «Азаттыкка» билдирди.

Ал акыркы сумма Эсептөө палатасынын эсебинен кийин белгилүү болорун кошумчалады.

«Азыр болжолдуу карызыбыз 5 млрд сомго чукулдады. Бирок дагы эсептеп, комиссия санап жатат. Бул бузулган үйлөр, коммерциялык объектилерди эсептебегенден кийинки карыз. Мунун баары чечиле турган маселе», - деди Акаев.

Оштун мэри карыз эмненин эсебинен азайганын айткан жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы делген Жеңишбек Токторбаев 18-февралда мэрлик кызматтан алынган.

Ал жумуштан кеткенден кийин социалдык тармактарда “Токторбаев кызматта турганда Ош мэриясы 12 млрд сом карызга батканы тууралуу” маалыматтар тараган. Өзү карыз тууралуу «Азаттыкка» комментарий берип, 2 млрд 200 млн сом деген сумманы атаган.

10-апрелде Ош облусундагы иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров шаар тургундары менен жолугушуп, мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди. Мамлекет башчы экс-мэрдин кемчилиги үчүн өзү дагы жоопкерчилик сезерин айтты. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса