Соңку жылдары Лондондо жашап келаткан ишкер, “АЮ" холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов соцтармактардагы кезектеги билдирүүсүндө кайрадан атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын атады. Ал өзүнүн каржы боюнча өкүлү кантип 30 миллион долларлык доого жыгылганын баяндады.