Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Кыргызстанда мас абалында унаа айдагандардын жазасы катаалдашат

0

Жогорку Кеңеш 15-апрелдеги отурумнуда "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" долбоорду үч окуудан карап, кабыл алды.

Ага ылайык, мас абалында рулга отурган айдоочуларга жаза катаалданды. Өзгөчө алкоголдук ичимдик ичип, унаасы менен жол кырсыгына кабылган айдоочулардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, аларды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейин түрмөгө кесүү каралган.

- Жол кырсыгы адамдын ден соолугуна жеңил жаракат келтирүү менен коштолсо, алкоголдук ичимдик ичкен айдоочунун күбөлүгү үч жылга алынат, өзүнө 80-100 миң сом айып пул салынат.
- Эгер оор жаракат келтирсе 100-200 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынат же айдоочулук укугун 3-6 жылга токтотуу менен беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
- Өзгөчө оор жаракат келтирсе 5-8 жылга эркиндигинен ажыратылат жана айдоочулук күбөлүгү 6-9 жылга алынат.

Мындан тышкары мас абалында рулга отуруп, адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирген жол кырсыгына себеп болгон айдоочуларга өзүнчө жобо каралган.
- Адамдын ден соолугуна жеңил же оор жаракат келтирсе 5-8 жылга эркиндигинен ажыратылып, айдоочулук күбөлүгү 6-9 жылга алынат.
- Өзгөчө оор жаракат келтирсе, 8-10 жылга эркиндигинен ажыратылат, айдоочулук укугу 9-12 жылга алынат.

Мас абалында унаа айдаганы кайталанса, 100-150 миң сом айып пул төлөйт жана кайсы бир кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылат же айдоочулук күбөлүгү алынып, бир жылга чейин камалат.

Мыйзам долбоорунда автоунааны мажбурлап эвакуациялоо чаралары да жөнгө салынган. Эгер автоунаа кыймылга тоскоолдук жаратса, тыюу салынган жерге, тротуарга токтотулса же майыптыгы бар жарандардын унаа токтотуучу жайын ээлеп алган болсо мажбур эвакуацияланат.

Мыйзам долбоорунда эвакуациядан кийин унаа кыймылын бөгөттөөчү каражаттарды колдонууга да уруксат берилет. Эвакуациялоого жана айып токтотмосуна токтотулганы үчүн чыгашаларды айдоочу төлөйт. Автоунаанын эвакуацияланганы тууралуу маалымат онлайн системага жайгаштырылат.
Автоунааны мажбурлап алып кетүү жана бөгөттөө тартибин Министрлер кабинети аныктайт.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапты. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (ZКo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса