Өзгөндө асынган абалда табылган келиндин өлүмүн милиция иликтеп жатат
Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) тарабынан 12-апрелде Өзгөндө асынган абалында табылган келиндин иши боюнча иликтеп-тергөө иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.
Милиция кабарлагандай, 29 жаштагы келиндин сөөгү өз үйүнөн асынган абалда табылганы тууралуу маалымат жергиликтүү милиция бөлүмүнө 12-апрель күнү, саат 19:00 чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге жана маркумдун сөөгүнө кароо жүргүзүлгөн, күбөлөр суралган.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда окуянын чоо-жайы толук иликтенип жатат.
Соцтармактарда маркумдун үч баласы бар экенин жазышууда.
Бул окуя жыл башынан бери жаш келин асынган абалда табылган экинчи учур.
19-февралда Ош облусунун Ноокат районунда 21 жаштагы келин асынган абалда табылган. Маркумдун жакындары окуя алдында эле келин жолдошунан зомбулук көргөнү тууралуу укканын айтып, анын өз жанын кыйганына ишенбесин билдиришкен.
4-апрелде Бишкектин Жал кичирайонунда 27 жаштагы келин 2025-жылы жана 2021-жылы туулган эки баласы менен алтынчы кабаттан кулаган. Келин кичүү баласы экөө ошол жерден жан бергени, төрт жашар кызы ооруканага жеткирилген. Милиция окуяга байланыштуу адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү деген негизде кылмыш ишин козгоп, маркумдун күйөөсүн кармап, камакка алган.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. Ошондой эле былтыр Кылмыш-жаза коедксинин 177-беренеси ("Үй-бүлөлүк зомбулук") боюнча 36 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан бул багыттагы укук бузууларга байланыштуу 6 миңден ашуун протокол түзүлүп, зарыл чаралар көрүлгөнү кабарланган.(ZKo)
