Өзгөндө дагы бир кыздын сөөгү асынган абалда табылды
Ош облусунун Өзгөн районунда 15 жаштагы кыздын сөөгү асынган абалда табылды. Бул факты 14-апрелде Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөө жүрүп жатат. Маркумдун денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) окуянын чоо-жайы тууралуу кенен маалымат бере элек.
12-апрелде эле Өзгөндө 29 жаштагы келиндин сөөгү өз үйүнөн асынган абалда табылган.
19-февралда Ош облусунун Ноокат районунда 21 жаштагы келиндин сөөгү табылган. Маркумдун жакындары окуя алдында эле келин жолдошунан зомбулук көргөнү тууралуу укканын айтып, анын өз жанын кыйганына ишенбей турганын билдиришкен.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. Ошондой эле былтыр Кылмыш-жаза коедксинин 177-беренеси ("Үй-бүлөлүк зомбулук") боюнча 36 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан бул багыттагы укук бузууларга байланыштуу 6 миңден ашуун протокол түзүлүп, зарыл чаралар көрүлгөнү кабарланган.
