Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026

БУУ: Жаңжал курчугандан бери Иранда кеминде 21 киши дарга асылды

0

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал курчугандан бери Иранда кеминде 21 киши дарга асылды жана 4 миңден көп киши кармалды. Мындай маалыматты БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси таратты.

Ага ылайык, бери дегенде 9 киши быйыл январда болгон толкундоолорго байланыштуу дарга асылды, 10 кишиге оппозициялык топко кирген, экөөнө тыңчылык кылган деген айып тагылган.

Ал эми 4 миңден ашуун киши улуттук коопсуздукка байланышкан дооматтын негизинде кармалды.

«Бийлик Иран элинин укуктарын аеосуз жана катаал жол менен чектөөнү улантууда», - деп айтты БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк.

Буга чейин Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму ок атышпоо келишими гуманитардык кризистин курчушун токтото албасын, Ирандын эли бир жагынан согуштан, экинчи жагынан репрессиялардан жапа чеккенин билдирген.

Укук коргоочулар Ислам жумурияты өлүм жазасын ишке ашыруу боюнча жан башына алганда дүйнөдө алдыңкы орундарда турганын белгилешет.

Ирандагы адам укуктарынын абалына байкоо салган Норвегиядагы уюм жана Парижде жайгашкан Өлүм жазасына биргелешип каршы туруу уюму өткөн жылы Иранда кеминде 1 миң 639 киши дарга асылганын кабарлашкан.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса