Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026

Иш учурунда дарыгерлерди сабагандарга жазаны күчөтүү сунушталды

0

Жумуш учурунда медицина кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылып, кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүү сунушу берилди.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин бир нече депутаты иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, дарыгерге иш учурунда тоскоолдук кылып, ден соолугуна жеңил жаракат келтиргендерди эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартып же 20 миңден 50 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталды.

Дарыгердин ден соолугуна оор залал келтирип, көп көлөмдө зыян учураткандарды үч жылдан беш жылга чейин, бейтаптын ден соолугуна залака тийгизгендерди беш жылдан сегиз жылга чейин абакка кесүү демилгеси көтөрүлдү.

Кыргызстанда буга чейин дарыгерлер иш учурунда ур-токмокко кабылган бир катар окуялар катталган. Коомчулукта медицина кызматкерлеринин укугун коргоо талабы айтылып келет. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса