Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026

Хаменеи Иран Ормуз кысыгын коргой турганын билдирди

0

Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи 30-апрелде жарыяланган кайрылуусунда Тегеран Перс булуңундагы коопсуздукту камсыз кыларын жана «душмандын деңиз жолун пайдалануу аракетин токтоторун» билдирди.

Можтаба атасы Али Хаменеи 28-февралда АКШ жана Израил жүргүзгөн аба соккуларында каза болгондон кийин жогорку лидерликке келгенден берки сейрек жасаган кайрылууларынын бири болду. Ал X социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыяланды.

Ал ирандыктар өлкөнүн деңиздеги, жердеги жана абадагы чек араларын коргой турганын белгиледи.

56 жаштагы Хаменеи атасынын өлүмүнөн бери эл алдына чыга элек. АКШ расмий өкүлдөрүнүн айтымында, ал ошол соккуларда оор жаракат алган болушу мүмкүн.

Иран Ормуз кысыгы жаап, өзү уруксат берген кемелерден башкасынын баарын өткөрбөй келет. Мындан улам дүйнөдө, мунай баасынын өсүп, согуштун экономикага тийгизген таасири боюнча кооптонуулар күчөдү.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса