Трамп Ормузда калган бейтарап кемелерди "алып чыга баштаарын" айтты
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Ормуз кысыгында кармалып турган кемелерди коштоп, ал аймактан аман-эсен алып чыга турганын билдирди. Бул тууралуу ал Truth Social баракчасына жазып, операцияны “Эркиндик долбоору” деп атады жана ал дүйшөмбү күндөн башталарын тактады.
“Ирандын, Жакынкы Чыгыштын жана Америка Кошмо Штаттарынын кызыкчылыгы үчүн биз бейтарап өлкөлөргө алардын кемелерин бул чектелген суу жолдорунан аман-эсен алып чыгарыбызды билдирдик. Муну менен алар өз иштерин эркин жана ишенимдүү уланта алышат”, - деп жазды Трамп.
Ал эгер Иран АКШнын бул миссиясына тоскоолдук кылууга аракет кылса тийиштүү чаралар көрүлөрүн эскертти.
Трамптын мындай билдирүүсүнөн көп өтпөй Ирандын жогорку кызматтагы чиновниги Тегеран АКШнын Ормуз кысыгындагы кырдаалга кийлигишүү аракетин атышууну токтотуу режимин бузуу катары баалай турганын билдиргенин Би-Би-Си жазды.
“Ормуз кысыгындагы жаңы деңиз режимине Американын ар кандай кийлигишүүсү келишимди бузуу катары каралат”, - деп билдирген Иран парламентинин улуттук коопсуздук боюнча комиссиясынын башчысы Ибрахим Азизи.
АКШ менен Израил чабуул баштаган 28-февралда Иран кысыкты кемелер менен мунай танкерлери үчүн иш жүзүндө жаап салган. Ок атышууну токтотуу макулдашуусунан кийин, 17-апрелде ачып, көп өтпөй кайра жапкан. Анын алдында АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү майнапсыз аяктаганда америкалык аскерлер ирандык портторду бөгөттөгөн.
29-апрелде Трамп Тегеран өзөктүк программасы боюнча кепке келбесе деңиз аскерлери Ирандын портторун бөгөттөөнү улантарын билдирди. Анын айтымында, Иран Ормуз кысыгын ачтырууну көздөп, атомдук программасын талкуулоону кийинкиге калтырууну каалайт. АКШ президенти ал планды четке какканын айтты.
