Добавить новость
ru24.net

World News in Kyrgyz

Новости от Russia24.pro

Russia24.pro Каталог
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28
29
30
31

Все новости

Лондондон кат. Абдыкеримов эмнени айткысы келет?

Azattyk.org 

“Аю холдингин” негиздеген ишкер, Лондондо жүргөн Шаршенбек Абдыкеримовдун социалдык тармактарда жазган билдирүүлөрү кызуу талкууда. Ал жылдар бою түптөгөн бизнесинен кантип заматта кол жууп калганын, саясатка кантип аралашканын жазган. Анын каттарында атайын кызматтын жетекчилеринен баштап жакындарына чейинки капачылыгы, жашоо тууралуу ой-толгоолору да камтылган. Абдыкеримовдун эскерүүлөрүндө УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-премьерлер Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев өңдүү бир катар саясатчылардын, ишкерлердин аты аталат. Читать дальше...

Орусия Ирандагы Бушер АЭСинен кызматкерлерин чыгарып жатат

Azattyk.org 

Орусиянын өзөктүк энергия мекемеси – "Росатомдун" башчысы Ирандын Бушер АЭСиндеги кырдаал "опурталдуу" болуп баратканын жана ал жактагы орусиялык кызматкерлердин саны кескин кыскартылып жатканын билдирди. Рейтер кабарлагандай, Алексей Лихачев "Росатом" эвакуациянын үчүнчү баскычын баштап, 25-мартта эртең менен бир топ станцияны калтырып кеткенин, дагы эки топ жакын арада чыгарыларын айтты. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик 24-мартта билдиргендей, Тегеран аларды АЭСке дүрмөт тийгенинен кабардар кылган. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Тараптар жарыш сөзгө чыгат, Жээнбеков бийликке кайрылды

Azattyk.org 

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, УКМК буга чейин козгогон иштерди карап чыгууга чакырды. Ал Жазаларды аткаруу кызматынын ишмердүүлүгүн текшерүү керектигин айтып, буга жабык жайларда адам укуктары бузулуп жатат деген жүйө келтирди, атайын комиссия түзүүнү сунуштады.

УКМК "Оргтехстрой" ишканасынын издөөдө жүргөн башкы директору кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети "өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн "Оргтехстрой" курулуш компаниясынын башкы директору И.К.М кармалды" деп 25-мартта билдирди. Маалыматта аталган ачык акционердик коомунун 1968-жылы туулган башчысы, Кыргызстандын жараны 24-мартта кармалганы, ал ишкананын негизги акционерлеринин бири жана иш жүзүндөгү ээси болуп туруп, инвесторлорду атайылап адаштырганы айтылат. Ал атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Читать дальше...

Абактагы саясатчы Жээнбеков УКМКны реформалоого чакырды

Azattyk.org 

7 жыл 8 айга кесилип, ушул тапта абакта жазасын өтөп жаткан оппозиционер Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, УКМК буга чейин козгогон иштерди карап чыгууга чакырды. Жээнбеков бул үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуштады. Саясатчы мындай чакырыкты Камчыбек Ташиев УКМК төрагылыгына алынып, бийлик атайын кызматты реформа кылууну убада кылган учурга туш келди.

Кемпир-Абад иши боюнча кийинки жараян 27-мартка белгиленди

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунда 25-мартта Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум болду. Анда бул иш боюнча акталган ондон ашык саясатчы, активист жана укук коргоочу суралды. Саясатчы Жеңиш Молдокматов жана активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев кийинки отурум 27-мартка белгиленгенин, анда чечим чыгышы мүмкүн экенин соттук жараяндан кийин "Азаттыкка" билдирди. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист... Читать дальше...

Камактагы Равшан Жээнбеков УКМК, ЖАМК боюнча атайын комиссия түзүүнү суранды

Azattyk.org 

Бүгүн, 25-мартта "Кемпир-Абад иши" боюнча Бишкек шаардык сотунда отурум болду. Анда бул ишке байланыштуу кармалып, кийин акталган Равшан Жээнбеков кыргыз бийлигине кайрылды. Анда оппозициячыл саясатчы өзүнүн камалышы саясий чечим болгонун белгилеп, өлкө жетекчилигине атайын комиссия түзүү керек деген кайрылуусун айтты. "Мен ойлойм, эгер УКМКда реформа боло турган болсо, бул президент үчүн аябай жакшы мүмкүнчүлүк. Жарандык коомду, оппозицияны пайдаланууга убакыт келди. Ошондуктан, саясий негизде камалгандардын баары эркиндикке чыгышы керек. Читать дальше...

Саясат: Чыңгыз Айдарбековго мандат берүү эмнеге создукту?

Azattyk.org 

Бишкектеги №21 шайлоо округунан депутаттыкка шайланган Куванычбек Конгантиев мандатынан ажыратылып, камакка алынган соң анын ордуна келчү депутатка мандаттын кечеңдеши талкууга түшүүдө. БШКнын маалыматы боюнча, Конгантиевден кийин эң көп добушту мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков алган.

УКМК кадрдык дайындоолорго кийлигишүүлөр тууралуу маалыматтарды четке какты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) укук коргоо органдарындагы кадр дайындоого "көшөгө артындагы" жетекчилердин таасири тууралуу соцтармактарга жарыяланып жаткан маалыматтарды төгүндөдү. Мекеменин басма сөз кызматы 25-мартта маалымат таратып, соцтармактарда анонимдүү булактар жана авторлор тарабынан жазылып, жарыяланган маалыматтар далилсиз экенин билдирди. Ошондой эле мамлекеттик органдардагы бардык кадрдык дайындоолор мыйзамда белгиленген тартипке ылайык гана жүргүзүлөрүн белгилеген. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса