Дагестанда суу ташкыны төрт өмүрдү жалмады, миңдеген киши эвакуацияланды
Дагестанда сел жана жер көчкүдөн улам кеминде төрт адам каза болуп, төрт миңден ашуун адам эвакуацияланды. 5-апрелдин кечинде «Кавказ» федералдык автожолундагы Кала калктуу конушунда көпүрө урап түшүп, кош бойлуу аял менен 12 жаштагы кызды агын суу алып кеткен. Алар куткарылганы менен өзүнө келе албай каза болушкан. Дагы бир аял Кайтаг районунда жер көчкүдөн улам набыт болду. Күч түзүмдөрүнө жакын Shot Телеграм каналы Мамедкала кыштагынын аймагында беш жашар кыз каза болгонун жазды. Анын сөөгү 6-апрелдин таңында табылды. Читать дальше...
