Добавить новость
Главные новости Гомеля
Гомель
Март
2022

Беларуста өлүкканалар Украинадагы согушта каза болгон орус аскерлеринин сөөгүнө толду

0
“Азаттыктын” беларус кызматына жергиликтүү тургундар кабарлагандай, согушта каза болгон орусиялык аскерлердин сөөгү алгач Беларустагы өлүкканаларга алынып келип, ал жактан Орусияга учак же поезд менен ташылууда.


“Өлүктөрдүн саны аябай көп. Мозырь станциясындагы жүргүнчүлөр поездге жүктөлүп жаткан сөөктөрдүн көптүгүн көрүп нес болушту”, - деди Гомель облусундагы Мозырь шаарынын тургуну.


Башка күбөлөр да Гомель жана Наровеле облустарындагы өлүкканалар да аскерлердин сөөгүнө толуп жатканын айтышууда.


Каза тапкан же жарадар болгон орусиялык аскерлер тууралуу маалымат тараткан беларус дарыгерлерине кызматтан алынарын айтып эскертишүүдө.


Ушул убакытка чейин Орусиянын бийлиги Украинада каза болгон орусиялык аскерлер тууралуу бир эле жолу маалымат берип, анда өлгөндөрдүн саны 500 чамалуу экени айтылган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса