Украина: Киев үчүн кармаш күчөдү
Орус армиясы Киевге чабуулун күчөткөнү кабарланууда. Согуштун биринчи күнү эле 137 украин аскери курман болду. Орус күчтөрү кандай жоготууга учураганы так белгисиз. АКШ, Британия, Евробиримдик Москвага жаңы санкцияларды киргизди. Украина бул чаралар жетишсиз экенин эскертүүдө. 25-февралга караган түнү Украинанын баш калаасынын бир нече району артиллериялык аткылоого жана ракета чабуулуна кабылды. Киевдин тургундарынын бир бөлүгү метро станцияларында жана убактылуу баш калкалоочу жайларда таң атырды. Читать дальше...