Мариуполдогу мечит октон качкандарга калка болду
![Мариуполдогу мечит октон качкандарга калка болду](https://gdb.rferl.org/08700000-0a00-0242-7862-08da0417c42c_cx0_cy41_cw0_w800_h450.jpg)
Мариупол шаарындагы Султан Сулайман мечитинде учурда 200дөн ашык киши баш калкалап турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" мечиттин атына курулган фонддун жетекчиси түркиялык Исмаил Хажыоглу билдирди.
- Исмаил мырза саламатсызбы? Курчоого алынган Мариуполдогу мечитте чет өлкөлүк жарандар жашынып турат деген маалымат тарады.
- Мечиттеги абалды айта турган болсом, учурда 200дөн ашык киши жан сактап турабыз. Өтө чектелген азык-түлүктөр менен гана жашап жатабыз. Мечитке ыктыярчылар эптеп суу, тамак-аш алып келип жатат. Өзбекстан, Азербайжан, Татарстан жана Түркиянын жарандары баш калкалап турат. Дээрлик көпчүлүгү аялдар жана кичинекей балдар, эркектер болсо короодо же башка жактарда түнөшүүдө.
- Чыңалып турган абалда мечиттеги кишилер кантип жан сактап атышат?
- Мариуполдо жашаган ишкер мечиттеги эркектер менен камыр жууруп, нан бышырып таратып атат. Ага жардам бергендер шаарда курулушта иштеген мигранттар. Азыр бизде жарык, суу, жылуулук, жаратылыш газы жок. Ыктыярчылар издеп тапкан азык-түлүктөрдү таратууга аракет кылууда. Мариуполдогу "Кызыл чырым" уюмунун кеңсеси бомбаланган. Азыр иштебей турат.
- Ал эми негизи эле шаардагы абал кандай?
- Шаарга катуу сокку урулган. Орус армиясы бүт жерди бомбалап, деңизден, абадан ок атылып атат. Оорукана, жайкын үйлөр урандыга айланды. Шаардагы ооруканага бомба түшкөндөн эки сааттан кийин мен бардым. Өз көзүм менен көрдүм. Төрөт бөлүмүнүн аппараттарын жер төлөсүнө көчүрүүгө жардам бердим. Экинчи бомба түшкөндө өтө оор жоготуулар болду. Сергей Лавров "Азов батальону ооруканада уктап жатканда ок атылды" дегени курулай калп. Мариуполдогу тогуз кабат турак үйгө бомба түшкөнүн баарыбыз көрдүк. Ал үйдө да Азов батальону бар беле? Бомбадан бир аялдын кичинекей баласы өлдү. Кыскасы орус аскерлери картадан Мариупол, Одесса, Харьков, Киевди өчүрөбүз деп атышат. Учурда Мариуполдо эле 2400 жайкын тургун өлдү деп жатышат. Канча жоокер өлгөнү белгисиз.
- Мариуполдо жергиликтүү калк менен мусулмандар кандай мамиледе жашайт?
-Мариупол калкынын мусулмандарга каршы терс мамилесин көргөн жокпуз. Тескерисинче мечитте чогулуп, баарлашкан күндөрүбүз көп болгон. Мечит деңиз дээгинде жайгашкандыктан туристтер көп зыярат кылат. Мечит менен чиркөө жакын жайгашкан. Чет өлкөлүктөр менен жергиликтүүлөр арасында эч кандай жаңжал же пикир келишпестик болгон эмес.
- Ушул апта Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу мечиттегилерди эвакуациялоо үчүн план түзүлүп жатканын кабарлады эле. Бул план илгериледиби?
- Учурда биз Түркиянын Тышкы иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги менен тыгыз сүйлөшүп жатабыз. Элчиликтер да жарандарды чыгарып кетүүгө жардам берип жатат.
Мечитке кире качкандар отуруп укташат
Ал эми Мариуполдогу мечиттин имамы Мехмет Йүже "Дом" телеканалына берген маегинде, мечитке кире качкан жергиликтүүлөрдүн үйлөрү эбак талкаланганын, айрымдары түнөгөнү гана келип жатканын айткан.
"Күнүгө мечитке үйсүз калгандар келип, түнөп атышат. Жатып уктмай жок. Корккондуктан отурган бойдон уктап жатабыз. Дээрлик көпчүлүгүнүн үйү бомбаланган. Тийиштүү органдардан жаш балдар менен аялдарды эвакуациялоо үчүн атайын коридордун ачылышын суранабыз" деди мечиттин имамы.
12-мартта Украинанын Тышкы иштер министрлиги орус аскерлери Мариупол шаарындагы Султан Сулейман мечитин бомбалап жатканын Твиттерден кабарлаган. "Ал жакта 80дей киши жашынып турат. Арасында кичинекей балдар жана Түркиянын жарандары бар" деген маалымат тараган.
Көп өтпөй Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу мечитке бомба түшкөнүн четке кагып, анда баш калкалаган жарандар чыгарыларын эскерткен.
Ал эми 15-мартта түрк башкы дипломат Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, Мариуполдогу чет өлкөлүктөр түрк бийлиги тарабынан бир-эки күндүн ичинде чыгарыларын билдирди.
Мариупол шаарындагы Султан Сулайман мечити 2007-жылы ачылган. Ал шаардагы жеке ишкерлердин каражатына курулуп, ачылышына түркиялык жана азербайжандык белгилүү инсандар катышкан.
Мариуполдон "жашыл коридор" ачылды
Дүйшөмбүдө Мариупол шаарынын мэринин кеңешчиси Петро Андрющенко курчоодо турган шаардан жайкын тургундарды чыгаруу үчүн "жашыл коридор" ачылганын билдирди. Анын жыйынтыгында шаардан кеминде 50 автоунаа сыртка чыгарылганын кошумчалады.
Бир жарым жумадан ашуун убакыттан бери Мариупол шаары орус армиясынын курчоосунда турган. Шаарды тынымсыз ракеталык аткылоолорлор токтобой, "ок атпоо режими" боюнча жетишилген макулдашууларды Орусиянын аскер күчтөрү сактабай келгени белгиленди.
Анын натыйжасында Азов деңизинин боюндагы Мариупол порт шаарындагы калк жашаган турак жайларга, медициналык мекемелерге жана башка социалдык объектилерге абадан сокку урулуп, тынымсыз аткыланып турду.
Орусия тарап жарандык объектилерге аба соккулары урулбаганын айтып, айрым социалдык жана медициналык мекемелер украин күчтөрүнүн баш калкалоочу жайларына айланганы үчүн гана аткыланганын билдирген.