Главные новости Соль-Илецка
Соль-Илецк
Май
2020

Жекшенкулов: 17-майда Москвадан Бишкекке учак уюштурулуп жатат (аудио)

0
17-майда Орусия Кыргызстандагы жарандарын алып кетиш үчүн 200 орундуу учак жиберет. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди. Элчинин айтымында, кыргыз тарап ошол каттам менен Москвадагы жарандарын алып кетиш үчүн 400 орундуу учак сурап жатат. Жекшенкулов коомдук   комиссия түзүлүп, учак менен Москвадан Бишкекке кете тургандардын тизмеси такталарын маалымдады.


«Ал комиссияны диаспоранын өкүлдөрү жетектейт. «Коррупциялык иштер болду» деген ар кандай кеп болбошу үчүн комиссия түзүлдү. Ага штабдын мүчөлөрү да кирет. Орусияда элчиликке жүрөгү, бөйрөгү, ашказаны ооругандар, операцияга келгендер, өсмө оорусу барлар көп кайрылган экен. Булар тизмеге киришин комиссия карайт. Экинчи кош бойлуу аялдар, кичинекей балдары бар аялдар кирет. Ушулар менен эле толуп калат го деп ойлоп жатабыз», - деди Жекшенкулов.




Элчи Орусия чоң учак берип калса көптөн бери мейманканада жаткандарды, Оренбург, Соль-Илецк аймагындагы кыргызстандыктарды да алып кетүү аракети болорун кошумчалады.


Ушул күндөрү Орусияда жүздөгөн кыргызстандыктар мекенине келе албай турушат. Айрымдары автобус жалдап жолго чыккан, бирок автобуста жүрүүгө уруксат берилбегендиктен, алар орус-казак чек арасына чейин жөө жөнөшкөнүн кабарлашууда. (TSh/LzT)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в Оренбургской области

Новости спорта


Новости тенниса