Главные новости Соль-Илецка
Соль-Илецк
Май
2020

Коронавирус бир суткада дагы 38 адамдан табылды, көбү Нарында

0
Соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус 38 адамдан табылды, алардын 15и Нарын облусунда. Бул тууралуу 14-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.


Алардын эң көбү Нарын облусунда - 15 адам, Бишкекте 14, Жалал-Абад облусунда төртөө, Чүй облусунда да төртөө (алардын экөө Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткандар) жана Ош шаарында бирөө. 


Бир суткада тогуз бейтап айыгып чыкты.


Жалпысынан 14-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1082 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 735 киши.


Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в Оренбургской области

Новости спорта


Новости тенниса