Главные новости Соль-Илецка
Соль-Илецк
Май
2020

Бир суткада вирус жаңы аныкталган кыргыз жарандарынын 12си сырттан келген

0
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде анализинен коронавирус табылгандардын арасынан 12 адам - сырттан келген кыргыз жарандары. Бул тууралуу 25-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, жалпысынан бир суткада 30 адамда коронавирус жаңы аныкталды. 


«30дун 12си четтен алынып келгендер. Орусиядан 11, Өзбекстандан бирөө», - деди ал.


Жалпысынан 18-марттан 25-майга чейин Кыргызстанда коронавирус 1433 адамдан табылды, 992 бейтап айыгып кетти, 16сы каза болду.


Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, вирус жуккандардын арасынан 108и Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткан эмгек мигранттары, ал эми 36сы - Орусиянын аскердик окуу жайларынын курсанттары. (RK)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в Оренбургской области

Новости спорта


Новости тенниса