Главные новости Терека
Терек
Декабрь
2018
1
2
3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17 18 19 20 21
22
23 24 25 26 27 28 29 30 31

Терек-Сайда кармалгандардын он үчү үй камагына бошотулду

0
Чаткалдын Терек-Сай айылында “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деп айыпталып камакка алынган 13 тургун 17-декабрда Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу облустук соттон “Азаттыкка” билдиришти.


Терек-Сайдын 15 жашоочусу “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен 2-декабрда камалган. Алар өткөн айда Терек-Сайдагы алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган.


4-декабрда Жалал-Абад облустук соту алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Нааразылыктардан улам 5-декабрда алтын кен иштеткен "Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасы Чаткал районундагы ишин убактылуу токтоткон. 


Кармалгандардын жактоочуларынын облустук сотко даттануусунун негизинде 17-декабрда кечинде облустук сот он үч тургундун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Калгандары боюнча соттук кароо баштала элек.


Ички иштер министрлиги Чаткалдын Терек-Сай айылынын камактагы тургундарын үй камагына чыгаруу үчүн сотко кепилдик берерин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 17-декабрда Жалал-Абадда алардын жакындары менен жолугушкандан кийин билдирген. (RsK)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в Кабардино-Балкарии

Новости спорта


Новости тенниса