Абакта ачкачылык жарыялаган саясатчылардын үчүнчүсү - Бектур Асанов да бул акциясын токтотту. Бул тууралуу Асановдун жубайы Алтын Эркебаева “Азаттыкка” билдирди:
- Жакындары, туугандары, саясатчылар баары суранып жатып, анан дарыгерлер катуу айткандарын угуп Бектур ачкачылыгын бүгүн токтотту. Дарыгерлер “уланта берсең боор менен бөйрөк иштебей калышы мүмкүн, эстен танып каласың” дешти. Бирок акыбалы өтө оор, кан басымы көтөрүлүп-түшүп, башы да айланып жатат. Бүгүн кичине басып калыптыр. Тамак деле иче албай жатат... Читать дальше...