Оттава Эр-Рияддан активисттерди бошотууну кайра талап кылды
Канада Эр-Рияддын соңку дипломатиялык кадамдарына карабастан Сауд Арабиясында кармалган активисттерди бошотуу жөнүндө талабынан баш тартпай турганын билдирди. Бир күн мурда Сауд Арабиясы Оттавадагы элчисин артка чакыртып, Канадага Эр-Рияддагы элчисин өлкөдөн чыгарып кетүүгө 24 саат берген. Ошондой эле Сауд Арабиясынын бийлиги Канада менен соода жүргүзүүгө да чектөө киргизген. "Канада ар дайым өлкөдөгү жана дүйнөдөгү адам укуктарын колдойт. Аялдардын укугу - бул адам укугу", - деп билдирди 6-августта... Читать дальше...