Жээнбеков: АКШ-Кыргызстан макулдашуусун даярдоого убакыт керек
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашуу боюнча иш жүрүп жатканын билдирди. Президенттин айтымында, бул маселе АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Луга ишеним грамотасын тапшыруу учурунда талкууланган. - Тапшырма берилди. Иш жүрүп жатат. Убакыт керек. Улуттук кызыкчылык эске алынышы керек, - деди президент. Кыргызстан АКШ менен кызматташтык тууралуу 1993-жылы кабыл алынган эки тараптуу макулдашууну 2015-жылы бир тараптуу токтоткон. Читать дальше...