ИИМ: Казарманда зомбулук көргөн кыз медициналык кароодон өттү
Ички иштер министрлиги Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы майыптыгы бар кыз таене-таятасынын зомбулугуна кабылганы тууралуу видеого байланыштуу 8-февралда маалымат таркатты. Майып кыздын таяк жеп жатканы тартылган видео социалдык тармактарга таркары менен Тогуз-Торо райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу жабырлануучунун үйүнө барып, анын таене-таятасын суракка алды. Аларга түшүнүк кат жаздырып, окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү жүрүүдө. Читать дальше...