Кара-Кулжада сууга агып кеткендер табылбай жатат
Оштун Кара-Кулжа районунда Тар дарыясына агып кеткен үч адам изделүүдө. Алар 37, 28 жарандар жана төрт жашар бала. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-июнда билдиргендей, Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, машине көпүрөдөн кулап кеткен. Унаадагы беш кишини экөөнү - айдоочу менен 13 жаштагы секелекти жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Аталган райондун Казык дарыясына 22-июнда агып кеткен 10 жаштагы бала дагы эле табыла элек. 23-июнда Кара-Кулжа дарыясына 30 жаштагы жигит агып кетип... Читать дальше...