Катуу кайтарылган Исламабадда ШКУнун саммити башталды
Катуу кайтарылган Пакистандын баш калаасында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити башталды. 15-октябрда Исламабадга жети өлкөнүн өкмөт башчылары, Пакистандын көп жылдан берки атаандашы - Индиянын тышкы иштер министри жана Ирандын биринчи вице-президенти чогулду. Жетекчилер коопсуздук, аймактагы кызматташтык, соода жана финансылык алакаларды талкуулоого киришти. Коопсуздук маселелеринен улам калаада үч күн дем алуу деп жарыяланды. Мектептер, ишканалар жабык, көчөлөрдү полиция жана аскердик бөлүктөр кайтарууда. Читать дальше...