Орусияда баңгизаттан каза болгон 10 адам боюнча кыргыз жаранына айып тагылды
Кыргызстандын 20 жаштагы жаранына Орусияда баңгизат сатып анын кесепетинен 10 адамдын өмүрү кыйылган деген айып тагылып жатат. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин Астрахан шаарынын Совет району боюнча тергөө бөлүмү билдирди. Кыргыз жаранына бул өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топ тарабынан баңги каражатын мыйзамсыз сатуу, байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү” беренеси менен кине коюлган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү маңзатты кийин кайра сатуу максатында Интернеттен сатып алганы айтылууда. Читать дальше...