Германияда кармалган тажик оппозиционери мекенине жеткирилди
Соңку 13 жылдан бери Германияда жашаган тажикстандык саясий активист Дилмурод Эргашев мекенине жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн 8-ноябрда "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады. Германияда Эргашевди депортациялоо тууралуу чечим чыккан. Бул өлкөнүн полициясынын өкүлдөрү аны Дүйшөмбү шаарына жеткирип, Тажикстандын коопсуздук кызматына өткөрүп берип кетишти. Тажикстандын "Реформа жана өнүгүү үчүн" оппозициялык кыймылынан лидери Шарофиддин Гадоевдин айтымында, Эргашевдин саламаттыгына байланыштуу кооптонуу дагы эле бар... Читать дальше...