Ноокат: Мурдагы милиция кызматкери Абдисатар уулуна издөө жарыяланды
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулуна издөө жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдирди. 20-ноябрда социалдык тармактарда Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда жарандык кийимчен Тимур Абдисатар уулуна окшош адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканын көрүүгө болот. Бул тасмага байланыштуу... Читать дальше...