Талас: Милиция калайман мушташка катышкан окуучулар экспертизадан баш тартканын билдирди
Социалдык тармактарда тараган Таластагы окуучулардын мушташынын чоо-жайын милиция териштире баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз кызматы 4-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, окуя 29-ноябрь күнү саат 12:00 чамасында Талас районунун Жон-Арык айылындагы Акматбек Нуржанов атындагы орто мектебинде болгон. Анда 10-11-класстын балдарынын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыккан. Бул факты райондук милициянын электрондук журналына катталган. Териштирүү учурунда 10-11-класстын балдары... Читать дальше...