Садыр Жапаров уюшкан кылмыштуу топтор толук жок кылынганын айтты
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор толугу менен жок кылынганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 3-декабрда Түштүк Кореяга жасаган расмий сапары учурунда Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусунда айтты. Садыр Жапаров Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) акыркы үч жылда жыл сайын орточо эсеп менен 9% өсүп жатканын кошумчалап, Пан Ги Мунду өлкөгө келип кетүүгө чакырды. “Биз коррупция менен чечкиндүү күрөшүп жатабыз. Читать дальше...