Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн өндүрүшкө алды
Конституциялык соттун судьялар коллегиясы 2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелери Конституцияга, анын беренелерине ылайык келүүсүн текшерүү өтүнүчүн өндүрүшкө кабыл алды. Бул тууралуу маалымат Конституциялык соттун сайтына жарыяланды. Адвокат Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 243, 251, 253-256-296-412-421-беренелери Конституциянын преамбуласына, Баш мыйзамдын 1-24-59-61-100-беренелерине... Читать дальше...