Президент Жапаров Курултайда өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталады
Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда делегаттардын бири Асылбек Абдыкадыров “Азаттык”, "Кактус Медиа", "Политклиника" басылмаларынын өкүлдөрүнө сөз берүүнү сунуштады. Абдыкадыров аталган медиалар бийликти сындап келерин айтып, ойлорун угуп коюу туура болорун айтты. Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев бул сунуш боюнча президент Садыр Жапаровдун пикирин сурады. Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталап, аталган медиалардын өкүлдөрүнө сөз берүүнү Элдик курултайда делегаттары чечерин айтты. Читать дальше...