Кыргызстанга Түркиядан Sinovac вакцинасы келди
Sinovac менен 18 жаштан жогорку курактагы бардык жарандар эмделсе болот. Вакцинанын биринчи жана экинчи дозасынын аралыгы 2-4 жуманы түзөт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска каршы Кытайдын Sinovac-CoronaVac вакцинасын колдонууга уруксат берген. Бул эл аралык уюм жактырган экинчи кытай вакцинасы.
Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Кыргыз өкмөтү 1-сентябрда калкты массалык эмдөө боюнча он күндүк акция жарыялаган. Учурда эмделгендердин саны 1,2 млн. ашты. (КЕ)
