Добавить новость
ru24.net
World News
Сентябрь
2021

Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Фуат-Октай келди

0
Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Фуат Октай келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тосуп алды.


Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Октай 10-сентябрда Бишкекте өтө турган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышат. Ушул күндөрү баш калаада кыргыз-түрк бизнес-форуму дагы өтөт.



Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар документтерге кол коюу жана "Маариф" мектебинин ачылышы пландалууда.



Түркия альтернатива катары “Маариф” фондунун мектептерин сунуштаган. Кыргызстанда былтыр октябрь айында бийлик алмашкандан кийин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкарага барып, анда “Маариф” мектептерин ачууга мүмкүнчүлүк берген макулдашууга кол коюлган.



Соңку жылдары Түркия Гүлен кыймылы менен байланышы бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып келет. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. (КЕ)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева пробилась в полуфинал турнира WTA-1000 в Дубае






Депутат ГД Гаврилов рассказал, какие льготы положены пенсионерам

В Подмосковье наградили лучших сотрудников скорой по итогам прошлого года

Мусульманин в Вологде совершил намаз в соборе святого Николая Чудотворца

В этот день в Москве обрушился торговый комплекс «Басманный рынок»