COVID-19: Үч бейтап каза болуп, 100 учур жаңы катталды
Соңку бир суткада вирус дагы 100 адамдан аныкталды. Алардын 49у Бишкек шаарында, 20сы Чүй облусунда катталган. Ысык-Көлдө 11 киши инфекция жуктуруп алса, Ош шаарында катталган эмес. Калган аймактарда жаңы учурлар 2-5 кишиден аныкталды. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19ду жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 983 кишиге жетти.
Алардын 690у ооруканада жатат, дагы 1094 бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 132 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 180 киши.
Кыргызстанда 10-сентябрга чейин калкты коронавируска каршы массалык эмдөө акциясы жүрүп жатат. Өлкө боюнча эмделгендердин жалпы саны 1,2 млн. ашты. Алардын 720 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган. (КЕ)