Активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан кармалганы кабарланды
"Таңкы 4:30 чамасында партиянын юристине Орозайым Нарматова Ош аэропортунда тергөөчүлөр тарабынан кармалып турат деген кабар келген. Биз юрист Сейитбек Довлотов менен барганда киргизишкен жок. Бир канча убакыттан кийин ал жерден тергөөчүлөр Нарматованы соттун чечими менен Бишкекке алып кетишкенин айтты. Ал бир канча күн мурун Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган".
Шамшидин уулу тергөөчүлөр Нарматованы Бишкекке автоунаа менен алып кетишкенин айтты. Ички иштер министрлиги жана башка укук коргоо органдары маалымат бере элек.
Нарматованын кармалышы боюнча кенен бул жерден окуңуз
Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.
Бир кезде президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген. (МТа)