Добавить новость
ru24.net
World News
Сентябрь
2021

USAID Жалал-Абадда сарымсак өндүрүшүн кеңейтүүгө колдоо көрсөттү

0
АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда сарымсакты кайра иштетүүчү ишкананы кеңейтүүгө жана анын экспортун көбөйтүүгө колдоо көрсөттү. "Агросоода" долбоорунун алкагында Жаңылай Капарова жетектеген ишканага жапайы сарымсакты кургатуу жана кесүүчү жабдуу тапшырылды. Ондогон жаңы жумуш орундары түзүлүп, Өзбекстанга сарымсактын экспортунун көбөйүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.



"Жаңы жабдуулардын жардамы менен ишкананын өндүрүмдүүлүгү дээрлик үч эсеге өсүп, сезонуна 30 тоннадан 80 тоннага чейин жетиши күтүлүүдө. Өзбекстанга экспорт гана көбөйбөстөн, сарымсак менен алек болгон жергиликтүү фермерлер да пайда көрүшөт. Буга чейин ишкана 15 дыйкандан сарымсак алып келсе, келе жаткан сезондо 220 фермер менен иштөө пландалып жатат", - деп жазылат маалыматта.



Учурда аталган ишканада 10 адам туруктуу иштейт. Ишкер Капарова жаңы жабдуулар иштей баштаганда дагы 60 адам жумушка алынарын белгиледи.



Жапайы сарымсак дыйкандан чоң чыгымдарды талап кылбай, жамгардын суусуна өсөт. Андыктан дыйкандар алыс аймактарда мурда пайдаланылбаган жерлерди иштете алышат. (КЕ)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Даллас (ATP). 1/2 финала. Рууд встретится с Муньяром, Пол – с Шаповаловым






Депутат Госдумы Терентьев провел прием жителей в Реутове

Мягкая сила: как российские дипломаты незримо укрепляют мощь страны

В Кремле сообщили о плане Путина посетить Китай на годовщину победы над Японией

В столице завершили работы по реставрации главного дома усадьбы Третьякова