Добавить новость
ru24.net
World News
Сентябрь
2021

Кабулдан учкан 35 оогандык казак Алматыга келди

0
9-сентябрда Казакстандын Коргоо министрлигинин атайын учагы 41 кишини Ооганстандан чыгарып келди. Кабулдан учкан борт Алматы аэропортуна келип конду. Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги тараткан расмий маалыматка караганда, келгендердин 35и ооганстандык казактар.


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров “Азаттык” радиосунун казак кызматына 35 кишиден сырткары төрт казакстандык, бир кыргызстандык жана Казакстанда туруктуу жашаган бир оогандык учуп келгенин кабарлады.


Бул "Талибан" радикал тобу бийликке келгенден бери Ооганстандан Казакстанга келген алгачкы каттам. Нур-Султан буга чейин Кабулдан өз жарандарын коопсуздукка байланыштуу чыгарып кеткен эле.


Акордонун басма сөз катчысы Берик Уали "Келген жүргүнчүлөр убактылуу карантинге алынат. Бул атайын рейс талибдер менен макулдашылып уюштурулду", - деп жазды.


8-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан Ооганстандагы этностук казактарды тарыхый мекенине алып келүү маселесин чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен караштырып жатканын айткан.


15-августта "Талибан" радикал кыймылы Кабулду басып алгандан кийин Ооганстанда жашаган казактар Нур-Султанга кайрылып, көчүрүп кетүүнү суранган. Маалыматка караганда, Ооганстанда ондогон этностук казак жашайт.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина выдала тяжелый матч за полуфинал турнира в Абу-Даби






В Казани к 2034 году построят крупнейшую в России яхтенную марину

В Подмосковье сотрудники Росгвардии почтили память Героев Сталинградской битвы

Мишустин заявил, что военные пенсии в России проиндексируют на 4,4%

Продюсер "Три дня дождя" Слэм: солист группы лечится в рехабе из-за депрессии