УКМК аткезчилик менен алектенген бажычылар кармалганын билдирди
Мекеме тараткан маалыматка караганда, 17-августта “Кара-Балта” бажы каттоо жеринен үч жүк ташуучу автоунаа кармалган. Текшерүү учурунда алар тиешелүү бажы көзөмөлүнөн өтпөй эле "Дордой" базарына келип жүктүн жарымын түшүргөнү аныкталган.
Транзиттик декларацияларга ылайык, кармалган жүктөгү фирмалык кийимдер бажыдан кездеме, жип, токулган кездеме жана пахта катары өткөнү аныкталган. Бул мыйзамсыз аракеттер жүктөрдү түшүрүү менен алектенген “ALG” ишканасынын кызматкерлери жана Бажы кызматкерлеринин катышуусунда ишке ашкан.
Мунун кесепетинен мамлекетке 8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Чыгым шектүүлөр тарабынан толтурулган. Ушул тапта бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. (BTo)