Добавить новость
ru24.net
World News
Сентябрь
2021

Аба ырайы: чукул билдирүү

0
11-сентябрда Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрөт. 11-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.


Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.


Абанын температурасы:


Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;


Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;


Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;


Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;


Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;


Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9 градус болот.


Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° болот.




 


 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Блинкова проигала 143-й ракетке мира во втором круге турнира WTA в Клуж-Напоке






СК завел уголовное дело на замминистра здравоохранения Удмуртии за крупную взятку

Россия предсказывает убытки ЕС из-за выхода Прибалтики из БРЭЛЛ

В Ульяновской области зарплаты в науке и образовании выросли на 22%

Водитель пытался протаранить ворота детского сада в Красноярском крае