Добавить новость
ru24.net
World News
Сентябрь
2021

Сарвар Турдибоевдин "Жакшы адамдар" аттуу китеби чыкты

0
Жарандык активист, акын Сарвар Турдибоевдин "Жакшы адамдар" аттуу китеби чыкты. Ага автордун жашоодо кезиктирген жакшы кишилер жөнүндөгү эсселери, жарандык жигердүүлүк, ой-толгоо, сүйүү лирикасы багытындагы чыгармалары кирген.


Турдибоевдин ырларынын көбүндө Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаалдар, резонанстуу окуялар поэзия менен сүрөттөлөт.


Орус тилинде жарык көргөн китептин бетачары 25-сентябрда Бишкекте өтөт.


Сарвар Турдибоев Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек арасындагы аймакта жашайт. Быйыл жазында чек арадагы куралдуу жаңжалда элге гуманитардык жардам жеткирүү, адамдарды тынчтыкка чакырууда жарандык жигердүүлүк көрсөткөн тургундардын бири.


Кесиби - мугалим. Эл аралык уюмдарда көп жыл иштеген. Тынчтык куруучу, жарандык активист катары таанымал. Буга чейин "Атанын багы" деген китеби жарык көргөн.


Сарвар Турдибоев менен маекти "АчыкTime" подкастынан угуңуз:




 


 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса