Добавить новость
ru24.net
World News
Сентябрь
2021

Кара-Суудагы "Оомат" базарынын сатуучулары нааразылыкка чыгышты

0
Кара-Суу шаарындагы "Оомат" базарынын сатуучулары 23-сентябрда нааразылыкка чыгышты. Алар базардын жаңы ээсинин адамдары сатуучулар менен жаңы келишим түзүлөрүн, ар бир контейнерден беш жылга 5000 АКШ доллардан талап кылып жатканын билдиришти.


"Азаттык" базардын ээси ким экенин сатуучулардан жана башка булактардан азырынча тактай алган жок.


Райондук админстрациянын алдына чыккан ишкерлер патенттери бар экенин, тийиштүү салыктарды төлөп келишерин кошумчалап, бийликти бул жагдайга көңүл бурууга чакырышты.


Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кара-Суу районунун акими нааразы болгондордун талабын укту.


"Соодагерлер күч түзүмдөрүнө арыз менен кайрылып жатышат", - деди президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчасы Эрмек Муратбек уулу.


Кара-Суудагы базар Борбор Азиядагы эң чоң соода аймактарынын бири. Кыргызстанда "Дордойдон" кийинки орунда турат. Аянты 24 гектар. Курамында 20дан ашык жеке менчик жана муниципалдык базарлар бар. (DU)


Сатуучулардын митингин "Т-Медиа" каналы "Фейсбукта" түз көрсөттү.




 


 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Зарина Дияс

Сенсацией обернулся матч Зарины Дияс за четвертьфинал турнира в Мумбаи






А совесть есть? «Черная королева гонок» Мара Багдасарян снова села за руль

В Барнауле покажут балет «Щелкунчик»

Следком проводит проверку по факту смертельного ДТП с автобусом в Смоленской области

Европейские банки поднимают порог: русские ищут новые финансовые убежища