Добавить новость
ru24.net
World News
Сентябрь
2021

Токаев Борбор Азияда гидроэнергетикалык консорциум түзүүнү сунуштады

0
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында чыгып сүйлөдү. Алдын ала жаздырылган видео кайрылуусунда мамлекет башчы COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу, климаттагы өзгөрүүлөр жана Ооганстандагы гуманитардык кырдаалга токтолду.


Токаев COVAX долбоорунун алкагында анын өлкөсү вакцина менен бөлүшүүгө даяр деп айтты. Экология маселесине кайрылып, Казакстан деңизге чыкпагандыктан климат башка өлкөлөргө караганда тезирээк өзгөрүп жатканын, кургакчылык көп болуп турарын белгиледи.


Президент ошондой эле Нур-Султан БУУнун Коопсуздук кеңешинин Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүү чакырыгын колдоорун, аймактан тышкаркы мамлекеттер менен «С5+» форматындагы регионалдык диалогго көп үмүт артарын билдирди.


"Өнөктөш мамилелердин алкагында биз Борбор Азиянын суу ресурстарына, суу тартыштыгына, анын сапатына байланышкан маселелелерге көңүл бурабыз. Башка мамлекеттердин түрдүү кызыкчылыктарына карабай, Казакстан аймакта суу-гидроэнергетикалык консорциум түзүүнү сунуш кылат. Ал аркылуу орток максатка жетүү үчүн  стратегияларды координациялап турса болот", - деди Токаев.


Казак лидери Казакстан БУУнун Адам укуктары кеңешине талапкерлигин койгонун да кошумчалады.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина разнесла сенсацию и вышла в полуфинал престижного турнира






Спортивные выходные с «Известиями»

Экс-глава МИД Чехии: диалог Москвы и Вашингтона говорит о победе России

Патриотический концерт проведут в Ивановском

Футбольно надо: возможен ли сейчас товарищеский матч между сборными России и США