"Азаттыктын" кабарчысы экологиялык журналисттин стипендиясына ээ болду
Дүйнөнүн 20 журналистине берилген бул мүмкүнчүлүктүн алкагында ал Шотландияда ноябрь айында өтө турган БУУнун климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу 26-саммитин чагылдырууга барат.
Мындан тышкары ал Шотландия менен Британиянын айрым басылмаларына англис тилинде Кыргызстандагы экологиялык маселелер тууралуу баяндарды жазып турат. Дүйнөгө белгилүү экологияны чагылдырган журналисттердин мастер-класстарына катышат.
БУУнун саммити 4-14-ноябрда Глазго шаарында өтөт. Бул стипендия үчүн дүйнөдөн 700дөн ашуун журналист ат салышкан.